Кыздардын чет өлкөгө чыгышына чектөө сунушу: Коомчулук эмне дейт?

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов 9-июнда парламентте 18-20 жаштагы кыздарды чет өлкөгө ата-энесинин коштоосу менен же турмушка чыккандан кийин гана жиберүү керектигин сунуштаган. Социалдык тармактарда эл өкүлүнүн бул демилгеси катуу сынга алынып, коомчулукта талкууну кызытты.

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева Govori.TV'га берген маегинде Атазовдун бул демилгеси популисттик чечим болгонун айтып, депутаттын бул аракетин “элге жагынуу” деп сынга алды.

“Шайлообек Атазовду эл өкүлү катары сыйлайм, бирок бул сунушуна каршымын. Кыз болобу, уул болобу, жалпы адамдардын укугун чектебеш керек. Мамлекет тарабынан билим алууга, жумуш менен камсыздоого 100 пайыз шарт түзүлүп берилсе, анда бул башка маселе. Кыздарыбыз да, уулдарыбыз да жакшы турмуштан улам мигрант болуп чет өлкөгө кеткен жок.

Өткөн аптада чет өлкөдө диаспора жетекчилери менен жолуктук. Анда кыздар тууралуу эмес, тескерисинче Кыргызстандан Орусияга барган уулдарыбызды тарбиялоо суранычы болду. Биздин кесиптештер гендер же зордук-зомбулук маселесин көтөргөндө аялдарды күнөөлөшөт. Эмнеге аларды сабаган эркектерди сынга алышпайт?”, - деди ал.

Модель Бегимай Карыбекова ийгиликтүү кыздар акчасы жок, өнүкпөгөн эркектерге сойкудай көрүнөрүн айтып, кыздарды өз укугун коргоого чакырды. Ал мындай пикирин Инстаграмдагы баракчасында калтырган.

"Бишкек" эркин экономикалык аймагынын жетекчиси Кудрет Тайчабаров Атазовдун бул демилгесин колдобой тургандыгын, бирок ата-энелер кыздарын катуу көзөмөлгө алышы керектигин Фейсбуктагы баракчасына жазды.

“Бул демилгени илгери эле Ыргал Кадыралиева сунуш кылган. Ал жыргаганынан сунуш кылган эмес. Москвада кыргыз кыздары сойку болуп иштей баштаганын көрүп, Түркияда иштеген кыздардын 30 пайызы сойку болуп жатканын угуп ушундай мыйзам сунуш кылган. Андыктан, Атазов жаңылык кылган жок, аны баатыр кылбагыла” - деп жазган ал.

Депутаттын аталган сунушу боюнча жогорку окуу жайларда окуп жаткан студенттер кандай пикирде?

Римма Сталбек кызы, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин 4-курсунун студенти:

"Депутаттын кыздардын чет өлкөгө чыгуусуна чектөөлөрдү киргизүү сунушуна кошула албайм. Чет өлкөгө чыгып, билим алып, дүйнө таанымын кеңейткендин эмнеси жаман? Баарыбыз билгендей эле, биздин кыздар чет өлкөдө билим алып, иштеп, ата-энесине жардам бергенин, өз күчү менен чоң компанияларда эмгектенгенин жакшы эле билебиз. Чет өлкөгө чыккан кыздардын баары бузулат дегени чындыкка дал келбейт. Бузулгусу келген кыздар чет өлкө дебей эле өз өлкөсүнөн деле бузулат. Андыктан кыздарга чек койгонду эмес, шарт түзгөндү ойлонуштурса болмок экен урматтуу эл өкүлү", - дейт ал.

Нооруз Камбарбеков, Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин 3-курсунун студенти:

“Мен Шайлообек Атазовдун демилгесин колдойм. Азыр чет жакка чыккан ар бир кыргыздын кызы коркунучта турат. Дипломатиялык кызматташтык боюнча коргоо укугу берилгени менен биздин кыздар ар кандай жерге иштегенге барат, анын баарын көзөмөлдөп туруу биздин бийлик үчүн өтө кыйын. Учурда кыздарды жалгыз чет жакка чыгарбаш керек. Атазов өтө чоң маселени көтөрүп чыккан. Бир кыргыз жигити кыргыздын кызын коргоп, сыйлап карай албаса чет жердеги элге ишенип кайдан. Тагдыр тайгалак ташы менен атып, баскан сайын мүдүрүлүп алдыга жылбай турган заманда адамдар да ач карышкыр, түлкүдөн да куу болуп калган учурда кантип өзүбүздүн кыздарды жалгыз чет өлкөгө чыгарууга болот...

Ал эми жалгыз бой, атасы же бир тууган ага-инилери жок, күйөөсүнөн эрте ажыраган айымдар тууралуу айтсам, алар мамлекет тарабынан жумуш орду менен камсыздалып, аларга акча бөлүнүп берилиши керек. Биздин мамлекет ушундай учурда айымдарды колдоп, жардам көрсөтө албагыдай күчү жок эмес да. Ар бир эркек беш сомдон чогултуп берсе эле жыл сайын ошол акчага мүмкүнчүлүгү жок кыз-келиндерди багып койсо болот. Ушундай бир тууган ага-инилери жок, жардамга муктаж кыз-келиндер чет жакка чыгып, алардын канчасы зордук-зомбулук көрүп, кор болуп жатышат. Бирөөсү короо шыпырып, бирөөсү базарда отурат. Андыктан бул маселени ар бир кыргыз туура жагынан карап, колдоо керек”, - деген студент.

Атира Мамытбекова, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 4-курсунун студенти:

"Атазовдун айтканын туура деп эсептейм, бирок сунушту 15-20 жылдан кийин айтса болмок. Анткени Кыргызстандын азыркы шарттары бул демилгеге туура келбейт. Учурда эл өкүлү кыздардын жолун чектөөнү эмес, аз акчага иштебейм деп жалкоолонуп үйдө жаткан эркектер тууралуу сөз кылса туура болмок. Чет өлкөгө кеткен кыздардын көбү ойногону эмес, көр оокаттын айынан, атасы, бир тууган ага-инилери иштебей жатканынан же ар кандай үй-бүлөлүк көйгөйлөрдөн улам кетип жатат. Эгерде эркектер кыз-келиндерди бардык жагынан кымсыз кылып коюп, андан кийин чектөө коюшса анда ал башка кеп болмок. Кыздар жалпы адамзаттын, өлкөнүн, улуттун, үй-бүлөнүн ар намысы", - деп билдирди Мамытбекова.

Бегайым Курманбекова, Түркиядагы Нигде Өмер Халисдемир университетинин студенти:

"Депутаттын бул сунушуна кошулбайм. Анткени биз, кыздар чет өлкөгө барып билим алып, өзүбүздү ар тараптан өнүктүрүүгө салым кошуп жатабыз. Ал жактан билим алып келип Кыргызстандын да өнүгүшүнө өз салымыбызды кошобуз деп айтсам болот. Менин оюмча, депутаттар биздин укуктарды чектөөдөн мурун коомчулукта кыздарга зордук-зомбулук жасаган адамдарга каршы дагы кандай жакшыраак мыйзамдарды, дагы кандай жазаларды тапсак болот деп ойлонушса жакшы болмок. Анткени көйгөйдүн өзөгү кыздардын чет өлкөдө окугандыгында эмес, дал ошол кылмышкерлерге тиешелүү жаза берилбегендигинде. Биз чет өлкөгө чыгып эч кандай жамандык көргөн жокпуз, тескерисинче өзүбүздү өнүктүрүп жатабыз. Кыздардын билим алуусу өтө маанилүү. Анткени келечекте кыздар бала тарбиялайт. Эгер кыз өзүн өнүктүрүп, жакшы билим алган болсо, анда анын үй-бүлөсү да ошондой болот. Андыктан кыздардын чет өлкөгө чыгуусун, деги эле укуктарын чектөөдөн мурун коомчулукта болгон көйгөйлүү маселелерди ойлонсо жакшы болмок", - дейт Түркиядагы кыргыз студенти.

Эске салсак, депутаттын сунушунан кийин, атап айтканда 15-июнда Атазовдун мандатынын тапшырышын талап кылгандар нааразычылык акциясына чыгышкан.

Андан соң Атазов өз дарегине айтылып жаткан сын-пикирлер боюнча үн катып, бул демилге чет жактагы мекендештердин ага жазган кайрылуусу экендигин билдирди. Бул туурасында депутат Фейсбук баракчасына жазып чыккан.

"Биздин мыйзамга ылайык, 18 жаш бойго жеткен курак деп эсептелүүдө. Ошол эле учурда ал жаш куракта чет өлкөгө чыккан жаштар кордолуп калууда, коопсуздукту камсыздоо жок болуп жатат. Учурда өнүккөн мамлекеттерде 21 жаштан жашы жетти деп саналат. Келечекте биз да бул нерсени ойлонушубуз керек экен.

Мен бардык аялзатынын укуктарын сыйлайм. Менин да чоң апаларым, апам, эже-карындаштарым, жубайым, кыздарым бар", - деп жазган ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан