"Кабыргалары сыныптыр". СИЗОдо асынган абалда табылган банкирдин агасы өлүмдү иликтөөнү талап кылды

"Айыл Банктын" төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин өлүмүн иликтөөнү туугандары талап кылууда. Бул тууралуу анын бир тууган агасы Талант Асанбаев билдирди.

Анын айтымында, сөөктү кароо учурунда көк ала тактар, канталаган жерлер табылып, кабыргалары сынган.

"Моюнунда жиптин тагы бар экен. Анан сөөктү сойгондо оң жак, сол жагында сыныктар бар экен. Колдорунун бардыгы канталаган. Экспертизага бердик, эми жыйынтыгын көрөбүз да. Негизи ал өлчү киши эмес болчу. Туугандары калыс чечим чыгарууну талап кылабыз. Бир тууганыбызды биз билебиз да. Ал жеген киши эмес болчу", - деп көзүнө жаш алды Талант Асанбаев.

Буга чейин УКМК кечээ, 18-июнга караган түнү саат 00:55 чамасында Бакыт Асанбаев тергөө абагында асынып алгандыгын кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан