"Кызыл-Кыя унаа жол" көзөмөл-өткөрүү жайынан мыйзамсыз жүк алып өтүү аракетине бөгөт коюлду

Кечээ, 19-июнда УКМКнын кызматкерлери тарабынан "Кызыл-Кыя унаа жол" көзөмөл-өткөрүү пунктунан мыйзамсыз жүк алып өтүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Кызыл-Кыя унаа жол" көзөмөл-өткөрүү пунктуна Өзбекстанды көздөй багыт алган DAF жана VOLVO үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу 2 унаа келген. Унаалар 1982-жылы туулган А.Д. жана 1997-жылы туулган С.Б. аттуу Кыргыз жарандарынын башкаруусунда болгон.

Унааларды текшерүүдө чек арачылар контрабандалык жүктү аныкташкан. Анда жалпы салмагы 48 тоннаны түзгөн акиташ тектүү зат болгон. Ал эми жүктүн документинде башка товардын аты жазылган. Тиешелүү документтер толтурулган соң айдоочулар жана жүк тиешелүү органдарга өткөрүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан