Сузакта окуучусуна кол көтөргөн мугалим жумуштан кетти

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда окуучусуна кол көтөргөн мугалим жумуштан кетүү тууралуу арыз жазды. Анын арызы канааттандырылганын Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектептин директору Даткайым Нуралиева ырастады.

Айтымында, учурда мугалим эмгек өргүүсүндө.

"Мугалим 8-июнда эмгек өргүүгө чыккан. Өргүү аяктагандан кийин иштен кетүү тууралуу арызын жазды. Биз анын арызын канааттандырдык", - дейт директор.

Маалымат үчүн:

Белгилей кетсек, социалдык тармакка сабак учурунда мугалим окуучу кызды урушуп, уруп жаткан видеосу тараган. Жалал-Абад ОИИБи жеринде милиция кызматкерлери иштеп жатканын билдирген. Кийинчерээк мектеп директору кол көтөргөн мугалим иштен алынарын SUPER.KG порталына айткан. Ал эми Билим берүү жана илим министрлиги Сузак райондук билим берүү башкармалыгы тарабынан комиссия түзүлүп, териштирүү жүргүзөрүн кабарлаган. Комиссия чечим чыгарып, ага ылайык, мугалимди иштен кетирүү буйругу жокко чыгарылган. Кийин кыздын үй-бүлөсү, жашоо-шарты тууралуу "Адилет" укук коргоо уюму маалымат берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан