Коррупцияга шектелип кармалган саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин ишин Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы улантат. Бул туурасында кызматынан убактылуу четтетилген Алымкадыр Бейшеналиевдин жактоочусу Кайсын Абакиров тарабынан белгилүү болду.
Жактоочу Башкы прокуратурага 16-июнда кайрылып, министрдин ишин тергөөнү башка органга өткөрүп берүү өтүнүчүн келтирген.
"Иштин объективдүү жана ар тараптуу тергелиши үчүн башка орган тергөө жүргүзсүн деп Башкы прокуратурага кайрылганбыз. Бир күн мурда өтүнүч канааттандырылып, ишти Ички иштер министрлигине өткөрүп беришти", - деди Абакиров.
Белгилей кетсек, 2-июнда министр Алымкадыр Бейшеналиев Башкы прокуратура тарабынан кармалган. Ага жети кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Президент Башкы прокуратура тарабынан коррупцияга шектелип кармалган саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин иши боюнча комиссия түзүлгөнүн билдирген. Андан кийин министр тергөө иштерине байланыштуу убактылуу кызматтан четтетилип, 1 айга СИЗОго камакка алынган. 16-июнда Бишкек шаардык соту Алымкадыр Бейшеналиевди үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган.