Дайынсыз жоголгон үч жаштагы кыз табылды

Бишкекте дайынсыз болуп жаткан 3 жаштагы Жасмина Узакбаева аман-эсен табылды. Бул тууралуу Ленин РИИБдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 26-июнь күнү саат 18:30дар чамасында Бишкек шаарынын аймагынан дайынсыз болуп жаткан 2019-жылы туулган 3 жаштагы кыз аман-эсен табылды.

Милиция кызматкерлери наристенин ата-энесине түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

Учурда окуянын бардык жагдайлары иликтенип жатат.

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы балдардын коопсуздугуна коркунуч жаралган учурда дароо жакынкы милиция бөлүмүнө кайрылып, күнү-түнү иштеген 102 номуруна чалууну эскертет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан