Алымкадыр Бейшеналиевдин үй камагындагы мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу анын жактоочусу Кайсын Абакиров социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Ага ылайык, бүгүн, 28-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Бейшеналиевдин үй камагындагы мөөнөтүн 18-августка чейин узарткан.
Белгилей кетсек, Алымкадыр Бейшеналиев 2-июнда Башкы прокуратура тарабынан кармалган. Ага жети кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Президент Башкы прокуратура тарабынан коррупцияга шектелип кармалган саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин иши боюнча комиссия түзүлгөнүн билдирген. Андан кийин министр тергөө иштерине байланыштуу убактылуу кызматтан четтетилип, 1 айга СИЗОго камакка алынып, кийин кайра үй камагына чыгарылган. Жактоочу Алымкадыр Бейшеналиевдин ишинде материалдык чыгым табылбаганын билдирген.