Интернетте эки жаш баланы мушташтырып жаткан аялдын видеосу тарады

Социалдык тармактарда эки жаш баланы мушташтырып жаткан аялдын видеосу тарады. Видеодон кыз жана баланын мушташып жатканын көрүүгө болот. Ал эми алардын жанындагы аял киши балдарды ажыраткандын ордуна ар түрдүү сөздөрдү айтып, урушту күчөтүп жатканы ачык байкалат.

Аялдын "моюнунан кыс", "бетине ур", "тил кайраган ушундай болот" деген сыяктуу сөздөрү видеого жазылып калган. Ал окуяга аралашып, балдарды ажыратууга аракет кылган эркек адамга да тоскоол болгон. Видеонун аягында дагы бир эркек адам келип, окуяга аралашканда чоң адамдардын ортосунда мушташ орун алган кадрлар тартылып калган.

Аталган окуя кайсы аймакта болгону азырынча белгисиз. Социалдык тармактын колдонуучулары тез арада окуяны иликтеп, күнөөлүү тараптын жазага тартылуусун талап кылышууда.

Соц.тармактарда эки кичинекей баланы уруштурган аялдын видеосу тарады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан