Кызматтан убактылуу четтетилген саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин мурдагы кеңешчиси Мээрим Тилекова 11-июлга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук сотунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, апелляциялык сунуш канааттандырылган жок.
"Каракол шаардык сотунун тергөө судьясынын Т.М.Т.га карата баш коргоо чарасын узартуу жөнүндө токтому өзгөртүүсүз калтырылып, апелляциялык арыз канааттандырылган жок", - деп билдиришти соттон.
Белгилей кетсек, Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси 343-берененин (опузалап пара алуу) негизинде тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалдарынын алкагында 17-майда УКМК тарабынан кармалган.