Ош шаарынын борбордук аянтында өтүп жаткан митингдин катышуучулары өкмөттүн өкүлү Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшүү үчүн 10 аксакалды имаратка киргизишти. Бул тууралуу аймактык кабарчыбыз Элира Чынтемир кызы маалымдады.
Аксакалдардын артынан жаштар да кирүүгө аракет кылышкан. Митингдин катышуучуларын экс-депутат ("Ак жол" партиясынан), коомдук ишмер Улугбек Ормонов ачууга алдырбоого чакырууда.
Эске салсак, бүгүн, 2-декабрда депутат Ахматбек Келдибековду бошотуу талабы менен митинг өтүп жатат. Ага болжол менен 5 миңдей адам катышууда.
Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибеков "коррупция" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелерине ылайык 20-ноябрда кармалган. 22-ноябрда Октябрь райондук соту депутатты баш коргоо чарасы менен 2 ай камоо чечимин чыгарган. Адвокаттардын депутатты үй камагына чыгаруу боюнча өтүнүчү Бишкек шаардык сотуна жөнөтүлгөн эле.
Бүгүн, 2-декабрда Бишкек шаардык соту депутат Ахматбек Келдибековдун ишин карап чыгып, Октябрь райондук соту чыгарган чечимди күчүндө калтырды. Сот өкүмүнө ылайык Ахматбек Келдибеков 2014-жылдын 19-январына чейин УКМКнын тергөө абагында отурат.