Ошто студент кыздын жансыз денеси табылды

Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын боюнан 2-курстагы студент кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБинен кабарлашты.

Милициянын маалыматына ылайык, 28-июнь күнү Ош шаарынын Курманжан датка кичи районунун аймагынан 20-25 жаштагы кыздын жансыз денеси табылган.
"Ош ШИИБинин ыкчам кызматкерлери тарабынан кыздын аты-жөнү аныкталып, ал Ош мамлекеттик университетинин медициналык колледжинин 2-курсунун студенти Ш.к.А. экендиги белгилүү болду.
Экспертиза дайындалды, анын жыйынтыгына жараша толугураак маалымат кийин берилет", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан