Ош шаарынын борбордук аянтында өтүп жаткан митинг аяктаганы тууралуу билдирүүнү коомдук ишмер, экс-депутат ("Ак жол" партиясынан) Улугбек Ормонов жарыялады. Бирок нааразылык акциясына чыккан эл тарай элек. Сүйлөшүүлөрдөн кийин Ахматбек Келдибековду бошотулуусу үчүн бийликке 3 күн убакыт берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчыбыз Элира Чынтемир кызы маалымдады.
Эске салсак, бүгүн, 2-декабрда депутат Ахматбек Келдибековду бошотуу талабы менен митинг өтүп жатат. Ага болжол менен 5 миңдей адам катышууда.
Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибеков "коррупция" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелерине ылайык 20-ноябрда кармалган. 22-ноябрда Октябрь райондук соту депутатты баш коргоо чарасы менен 2 ай камоо чечимин чыгарган. Адвокаттардын депутатты үй камагына чыгаруу боюнча өтүнүчү Бишкек шаардык сотуна жөнөтүлгөн эле.
Бүгүн, 2-декабрда Бишкек шаардык соту депутат Ахматбек Келдибековдун ишин карап чыгып, Октябрь райондук соту чыгарган чечимди күчүндө калтырды. Сот өкүмүнө ылайык Ахматбек Келдибеков 2014-жылдын 19-январына чейин УКМКнын тергөө абагында отурат.