Ош шаарынын борбордук аянтында өтүп жаткан митинг аяктаганы тууралуу билдирүүнү экс-депутат ("Ак жол" партиясынан), коомдук ишмер Улугбек Ормонов жарыялаган эле. Бирок нааразычылык акциясына чыккан эл тараган жок.
Митингчилер “Биздин талаптарыбызды ЭлТР түз алып көрсөтпөсө, имаратын басып алабыз. Элдик канал элдин талабын көрсөтүшү керек” деп талап кыла башташты. Бул тууралуу аймактык кабарчыбыз Элира Чынтемир кызы маалымдады.
Эске салсак, бүгүн, 2-декабрда депутат Ахматбек Келдибековду бошотуу талабы менен митинг өтүп жатат. Ага болжол менен 5 миңдей адам катышууда.
Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибеков "коррупция" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелерине ылайык 20-ноябрда кармалган. 22-ноябрда Октябрь райондук соту депутатты баш коргоо чарасы менен 2 ай камоо чечимин чыгарган. Адвокаттардын депутатты үй камагына чыгаруу боюнча өтүнүчү Бишкек шаардык сотуна жөнөтүлгөн эле.
Бүгүн 2-декабрда Бишкек шаардык соту депутат Ахматбек Келдибековдун ишин карап чыгып, Октябрь райондук соту чыгарган чечимди күчүндө калтырды. Сот чечимине ылайык Ахматбек Келдибеков 2014-жылдын 19-январына чейин УКМКнын тергөө абагында отурат.