Жалал-Абадда "Ага-ини" тез татым жайынан уулангандардын саны 40ка жетти

Жалал-Абадда "Ага-ини" тез татым жайынан уулангандардын саны 40ка жетти. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта айтылгандай, учурда 28 бейтап ооруканада болсо, 12си үйүндө дарыланууда. Аталган жайга 7 миң 500 сом айып салынып, ишмердүүлүгү токтотулганы айтылат.

"Жалал-Абад шаардык мэриясы учурдагы кырдаалды эске алып, жарандарды тез татымдардан тамактанбай турууга чакырат. Учурда шаар аймагындагы бардык тез татым жайларынын санитардык абалы текшерилүүдө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан