Токмокто карындашын коргогон ага: Ал эки айга камалды

Чүйдө карындашына зомбулук көрсөткөн адамга травматикалык тапанчадан ок чыгарып, өлтүрүп алууга шектелген жарандын баш коргоо чарасы каралды. Бул тууралуу Чүй облустук сотунун маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Чүй райондук соту шектүүгө карата 2 айга камакта калтыруу чечимин чыгарды.

Маалымат үчүн: 1-июлда Чүй облусунда карындашынын намысына тийген кишини агасы атып салганы, ал кармалып, Токмок шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени жазылган.

Ал эми карындашы Инстаграм баракчасында окуянын чоо-жайын айтып, кыргыз элинен жардам сураган. Көп өтпөй карындашын коргоп, ок аткан адамдын ишин акыйкатчы көзөмөлдөрү айтылган.

SUPER.KG порталына Асел Жумакулова маек берип, окуянын чоо-жайын айтып берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан