Токмоктогу окуяда жабыр тарткан Асел Жумакулова президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге видео кайрылуу жасап, агасын камактан бошотууну суранды. Бул туурасында ал Инстаграм баракчасында жарыялады.
"Урматтуу Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, агамды үй камагына чыгарып бериңиздерчи. Мага окшоп дагы канча аял кор болушу керек? Мындай ишти токтотолу", - деди ал.
Маалымат үчүн: 1-июлда Чүй облусунда карындашынын намысына тийген кишини агасы атып салганы, ал кармалып, Токмок шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени жазылган.
Ал эми карындашы Инстаграм баракчасында окуянын чоо-жайын айтып, кыргыз элинен жардам сураган. Көп өтпөй карындашын коргоп, ок аткан адамдын ишин акыйкатчы көзөмөлдөрү айтылган.
3-июлда анын баш коргоо чарасы каралып, эки айга камакта калтырылды.