Төө-Ашуудагы тоннель унаадан өрт чыкканына байланыштуу убактылуу жабылды

Төө-Ашуусундагы К.Көлбаев атындагы тоннель убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Жайыл районундагы Бишкек-Ош унаа жолунун 132-чакырымындагы К.Көлбаев атындагы тоннелдин ичинде унаа бузулуп, күйүп жаткандыгына байланыштуу унаалардын бардык түрүнө тоннель эки тарабынан убактылуу жабылган.

К.Көлбаев атындагы тоннелде нөөмөткө турган Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Тоо-кен кызматынын куткаруу тобу, ӨКМнын Жайыл райондук бөлүмүнөн саат 16:25те куткаруу унаасы жана 1 бөлүм өрт өчүрүүчү унаа тартылды. Кошумча маалымат берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан