Телефондун узак убакыт иштөөсү үчүн алгач туура кубаттоо зарыл. Буга байланыштуу эң көп берилген суроолорго алдыда жооп издейбиз.
Аккумуляторду 100% түгөтпөш керекпи?
Бул кырдаал мурда актуалдуу болчу. Азыркы смартфондордогу электр кубатын көзөмөлдөгүчтөр акылдуу. Алар телефондогу кубатты толук бербестен, эрте өчүрүп коёт. Бирок гаджетти өчкөн абалында көпкө таштап койбоңуз. Бул батарейканын иштен чыгуусуна жеткирет. Эгер телефонуңуз өчүп калса кайгырбаңыз. Кээде смартфондун кубатын нөлгө түшүрүп, кайра 100% кубаттоо пайдалуу.
Телефонду кубаттап жатып, ошол эле маалда колдонуу зыянбы?
Азыркы заманбап гаджеттердеги электр кубатын көзөмөлдөгүч батарейкага зыян алып келбейт. Бирок телефонуңуз кадимкиден кеч кубатталат. Ошондуктан кубатталып жатканда, колдонбогон дурус.
Смартфонду тынымсыз кубаттоо батареяны жараксыз кылабы?
Телефонду кайра-кайра кубаттаган сайын батарейканын иштөө мөөнөтү жана натыйжалуулугу төмөндөйт. Заряд 20%га түшмөйүнчө, күтүп туруңуз. Андан кийин гана кубаттай берсеңиз болот. Эгер смартфонуңуз 100% толсо деле токтон албай коюу эч кандай зыян алып келбейт. Бирок сактануу ашыктык кылбайт.
Телефон кубатталып жатканда ысып кетиши нормалдуубу?
Албетте, жок. Анын ысып кетиши арзан кубаттагычтардын жана активдүү функциялардын көп күч талап кылганынан келип чыгат. Бул убакта кубатты үнөмдөө жана учуу режимине коюп телефонду эс алдыруу зарыл.
Эч качан арзан кубаттагычтарды колдонбоңуз.
Бул батарейканын бат эскиришине жана өрт чыгууга чейин алып келет. Сапаттуу кубаттагычтар кымбат болгону менен сизге көп убакыт кызмат кылып, акчаңызды да үнөмдөйт.