ЖЫЛНААМА, 7-ИЮЛЬ: "Мыкты жигиттер" тасмасынан кийин таанылган түштүк кореялык актёр Ким Бом 33 жашка толду

Бүгүн, 7-июлда белгилүү түштүк кореялык актёр Ким Сан Бом 33 жашка толду. Ал "Түш", "Бейиштен Чыгышка карай", "Мыкты жигиттер", "Арбак дарыгер" жана башка көптөгөн тасмаларга тартылган.

Келишимдүү актёрдун жылдызы 2009-жылы чыккан "Мыкты жигиттер" тасмасынан кийин жанган. Корей дорамалары Ким Сан Бомго дүйнөлүк атак-даңк жана жылдыз статусун алып келди.

Ал өзүнүн таланты жана табышмактуу жылмаюсу менен көпчүлүк кыздардын жүрөгүнөн түнөк таба алган. Жергиликтүү басылмалар Кимдин эмгекчилдигине суктанышат.

Корей жылдызынын жеке жашоосу ар дайым жаңылыктардын сап башында тураары айкын. Бирок актёр күнү-түнү элдин көңүл чордонунда болууну жактырбайт. Ал өзүнүн жеке жашоосу тууралуу айтпайт, ушак-айыңдарга комментарий бербей келет.

7-июлдун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан