Нарында ок атуу менен коштолгон жаңжалдын себеби жайыт талашуу болгон. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жаңжал орун алган Хутор-Ак-Талаа айылынын тургуну билдирди.
"Бул жаңжал жайыт жерлерден улам чыкты. Өткөндө айыл ичинде чогулуш болгон. Ок чыгарган тарап жайыт жерлерди бекитип алган экен. Ошол чогулушта жайыт жерлерди ачып бериңиздер деп эл ок чыгарган тарапка кайрылган.
Чогулуш бүткөндөн бир нече күндөн кийин айылдаш агабызды ок чыгарган тараптын балдары аябай ур-токмокко алышыптыр. Токмоктолгон адам айыл элин тынчтантып, эч нерсе болгон жок деп койгон. Бул үй-бүлө мындан мурда дагы айылдагы тургунду сарайга алып барып сабап, эч кандай жоопкерчиликке тартылган эмес.
Кечээ, 7-июлда айылдагы жаштар ок чыгарган үй-бүлөгө элдешели деп барышыптыр. Саат 11:00 чамасында WhatsApp'тагы тайпабызга "ок чыгарып жатат, келгиле" деген билдирүү келди. Тургундар дароо барганда ок-чыгарган тарап эч кандай сөзгө келбей, улуу эки баласы чоң унаа менен кишилерди качырыптыр. Тургундардын жини келип, үйүнө таш ыргытышканда алар үйүнөн мылтыгын алып чыгып, элди көздөй ок чыгарышты. Ага жини келген эл унаасын өрттөп салышкан.
Эми айыл элинин талабы бул үй-бүлө айылдан чыгып кетсин деп жатышат. Башка талабы жок. Октон жараат алгандар жаш балдар. Бирөө 11-классты жаңы эле бүткөн. Анын жоон ичегисине операция жасалып, бир бөйрөгүн алышты", - деди айыл тургуну.
Нарын облустук ички иштер башкармалыгы ок атуудан 6 адам жаракат алганын, анын үчөөнүн абалы оор экенин билдирген.