Бүгүн, 10-июлда АКШнын Лас-Вегас шаарында "UFC Vegas 58" турнири өтүп жатат.
Алдын ала беттештин алкагында кыргыз мушкери Антонина Шевченко америкалык Кортни Кейси менен беттешти. Беттеш үч бөлүккө созулуп, калыстардын чечими менен беттеш Шевченконун жеңиши менен аяктады.
Антонина Шевченко үчүн бул жеңиш карьерасындагы онунчу жеңиш болду. Анын төрт жолу жеңилүүсү бар.
Бул турнирдин негизги беттешинде жеңил салмактагы мушкерлер Рафаэль Физиев менен Рафаэль дос Аньос беттешет.