Индия калкынын саны боюнча Кытайды басып өтөрү күтүлөт. БУУнун доклады

Ушул жылдын 15-ноябрында дүйнө калкынын саны 8 миллиардга жетери күтүлүүдө. Бул тууралуу Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Экономикалык жана социалдык маселелер боюнча департаментинин докладында жарыяланды.

БУУ тарабынан жарыяланган отчётко ылайык, дүйнө калкы 2030-жылы 8 миллиард 500 миллион, 2050-жылы 9 миллиард 700 миллион, 2080-жылдары болжол менен 10 миллиард 400 миллионго чейин көбөйөт.

Анда 2023-жылга карай Индия калкынын саны боюнча Кытайды басып өтөрү күтүлөрү айтылат.

Бир катар өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө төрөттүн төмөндөшү байкалганы белгиленди. Жакынкы жылдарда дүйнө калкынын өсүү темпи жогору боло турган мамлекеттердин катарына Конго, Египет, Эфиопия, Индия, Нигерия, Пакистан жана Филиппин өлкөлөрү кирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан