Бишкек шаарында 13 жаштагы Улан Болотов 3 күндөн бери дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
Ал 8-июль күнү Бишкектеги Андижанский көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Өзгөчө белгилери: Бою болжол менен 155-160 сантиметр, орто денелүү, чачы кыска.
Кийген кийимдери: кызыл футболка, көк түстөгү чолок шым.
Милиция Улан Болотов тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, төмөнкү телефондор аркылуу байланышып коюуну өтүнөт: 0 557 11-94-10, 0 701 28-28-09, 0 702 49-8888 жана 102.
Учурда дайынсыз жоголгон Болотов Улан Болотовичтин дарегин тактоо максатында издөө иш-чаралары жүрүп жатат.