"Ихсан групп ЛТД" кооперативинин директорлор кеңешинин төрайымы Б.А. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 11-июль күнү кылмышка шектүү катары "Ихсан" кооперативинин директорлор кеңешинин төрайымы 1975-жылы туулган Б.А. кармалган. Ал Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда иш боюнча тергөө иштери уланууда.
"Урматтуу кыргызстандыктар, сиздерден "Ихсан групп ЛТД" кооперативине кирбөөнү суранабыз. Каржы пирамидасынын белгилери байкалып, салынган каражаттар кайтарылбай калышы мүмкүн. Сак болгула", - деп жазылган маалыматта.
"Ихсан групп ЛТД" коммерциялык эмес турак жай кооперативинин башкармалыгына жана уюштуруучуларына 209-берене (алдамчылык), 210-берене (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш иши козголгон.
"2022-жылдын март айынын башынан бери өлкөнүн бардык аймагынан "Ихсан" кооперативине кирген жарандардан көптөгөн кайрылуулар келип түшкөн.
Жарандар түзүлгөн келишимдердин негизинде кирүү акысын 4 пайыз жана 7 пайыз өлчөмүндө, ошондой эле 25-35 пайыз баштапкы төлөм, сатып алынуучу мүлктүн наркынын 50 пайызын төлөшкөн.
Бирок бүгүнкү күнгө чейин кооперативдин мүчөлөрү турак-жай да, автоунаа да ала элек. Мүчөлүктөн баш тарткан жарандар өз акчасын кайтара албай жатышканын айтышкан.
"Ихсан групп ЛТД" коммерциялык эмес турак жай курулуш кооперативинин жетекчилиги тарабынан төлөнбөй калган сумма 121 миллион 313 миң 950 сомду түзгөн", - деп айтылат маалыматта.