Ысык-Көл облусунда 16 жаштагы кызды никеге туруу максатында ала качышты. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 12-июлда милицияга 1965-жылы туулган Д.Х. аттуу жаран кайрылган. Ал өз арызында 11-июль күнү саат 08.00дөр чамасында Чүй облусунун Кара-Балта шаарына Түп районунун айылдарынын биринен 16 жаштагы кызды өз каалоосуна каршы ала качып кетишкенин билдирген. Бул арыз Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын электрондук маалымат журналына катталган.
Белгилей кетсек, милицияга арызды кызды ала качкан жигиттин атасы жазган. Кыздын ата-энеси ала качуу боюнча арыз жазуудан баш тартып, кызынын айланасында ызы-чуу салбоосун суранышкан. Бирок ал жашы жете элек болгондуктан бардык керектүү тергөө амалдары башталган.
"Учурда ала качкан кызды өз үйүнө алып келишүүдө. Кыз келген соң ата-энесинин катышуусунда суралат", - деп жазылган маалыматта.