Бишкекте Курман айт күнү жардыруу уюштурууну пландагандар кармалды

7-июль күнү Курман айт майрамын белгилөөгө даярдык көрүү маалында Бишкек шаарында жардыруу уюштурууну пландагандар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Жүргүзүлүп жаткан террорчулукка каршы иш-чаралардын жүрүшүндө эл аралык террордук уюмга тиешеси бар Сириядан жасалма паспорт менен келген эки чет элдик жаран кармалган.

Андан тышкары Бишкек шаарында эл аралык террордук уюмдун мүчөлөрүнө жардам көрсөткөн Кыргызстандын бир нече жараны кармалган. Тергөө тарабынан бул адамдардын Сириядагы согуштук аймакта
бүлүнтүү жана террордук даярдыктан өткөндүгү боюнча төгүндөлгүс далилдер алынган.

"Кармалгандардын бири колго жасалган жардыргыч затты жасоо боюнча нускоочу болгон. Согушкерлердин Кыргызстандагы милдеттеринин бири ушул жылдын 9-июлунда айт намазда террордук актка даярдануу болуп, алар борбордук аянтка жакын батирди ижарага алып, ошол жерден чалгындоо иштерин жүргүзүшкөнү аныкталды", - деп билдиришти УКМКдан.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды. Кармалгандар УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан