13 жаштагы кыздын колдон-колго өтүп зордукталышы: Шектүүлөр күнөөнү моюндарына алышкан жок

13 жаштагы секелек кызды зордуктоого шектүүлөр күнөөсүн моюнуна албай жатышат. Бул тууралуу жабырлануучунун жактоочусу Тимур Султанов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын билдиришинче, 13 жаштагы кызды зордуктады деген 3 айыпталуучу тең күнөөнү моюндарына алышкан эмес.

“Айыпталуучулар бүгүнкү күндө коюлган айыптарды моюнуна ала элек. Алардын позициясын жараяндын жүрүшүндө билебиз", - деди ал.

Эске салсак, буга чейин 13 жаштагы кыздын зордуктоого кабылгандыгы боюнча кабар желдей тараган. Анда "Дордой" базарындагы кароолчу зордуктагандыгы айтылган.

Андан соң кыздын ата-энеси SUPER.KG порталына бул окуя тууралуу 13 жашар кызын 2 милиция кызматкери жана 2 жөнөкөй жаран жарым жылдай зордуктап жүрүшкөндөрүн айтып беришкен. Алардын айтуусунда, мындай көрүнүш өткөн жылдын август айынан 2022-жылдын февраль айына чейин уланган.

Учурда кылмышка шектүүлөрдүн баары тергөө абагына камалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан