Нью-Йорктун борборунда 500 түгөйдүн массалык үйлөнүү үлпөт тою болуп өттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Линкольн борборунда коронавирустук пандемиядан улам үйлөнүү тою үзгүлтүккө учурагандар баш кошууга мүмкүнчүлүк алышкан.
"Бул күн жаңы үйлөнгөндөр, үйлөнүү тою жокко чыгарылгандар же тою жупуну өткөндөр, ошондой эле түгөйлөрүнө жана шаарга болгон сүйүүсүн ырастагысы келгендер үчүн өзгөчө күн", - деп жазылат маалыматта.
Майрамдын алкагында түрдүү конфессиялардын өкүлдөрүнө арналган салтанат уюштурулуп, андан соң жандуу музыканын коштоосундагы бий менен улантылган.