Өзбекстандын президентинин расмий сайтына Түркмөнстандын президентинин Ташкенттеги кортежинин видеосу жарыяланды.
Видеодо көрүнгөндөй, кортеж шаардын борбордук бөлүгүндө кетип бара жатса дагы ашыкча бир дагы адам же унаа байкалган эмес. Түркмөнстандын президентинин кортежин мотоцикл айдаган полиция кызматкерлери коштогон.
Буга чейин Сердар Бердымухамедовдун Өзбекстанга расмий иш сапары менен баргандыгы кабарланган.