"Отставкасын жарыялайт". Шри-Ланканын президентинин жаңы жайгашкан жери белгилүү болду

Өлкөсүн таштай качкан Шри-Ланканын президенти Готабаи Ражапакса Мальдив аралдарынан Сингапурга учуп барды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, президент, анын жубайы жана коопсуздук кызматынын эки кызматкери Мальдив аралдарынан Сингапурга жеке учак менен учкан. Алгач президент эл менен катар эле каттам менен учмак. Бирок ал каттам коопсуздуктан улам ишке ашырылган эмес. Андан кийин Ражапкаса Мальдив бийлигинен жеке учак сураган.

Шри-Ланканын президенти кызматтан кетерин бүгүн, 14-июлда Сингапурдан жарыялайт деп күтүлүүдө.

Эске салсак, 22 миллионго чукул калкы бар Шри-Ланканын борбору Коломбодо 9-июлда митингчилер президенттин резиденциясын ээлеп алышкан.

Нааразычылык акциялары быйыл жыл башынан бери уланып келе жаткан. Өлкөнүн экономикасы эгемендүүлүк алгандан бери болуп көрбөгөндөй кризисти башынан кечирүүдө. Азык-түлүк, дары-дармекке болгон таңкыстык жаралып, өлкө тышкы карызын төлөй албай оор абалга кептелген.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан