13 жашында зордуктоого кабылган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү кыз кант диабети менен ооруп калды. Бул тууралуу маалымат жыйында жабырлануучунун жактоочусу Чолпон Кудайбердиева билдирди.
Анын айтымында, учурда жабырлануучу кыз 22 жашка чыгып калды.
"Жабырлануучу кыз азыр 22 жашка чыкты. 7 жыл аралыгында 7 жолу толук кандуу соттук отурум болду. Калган учурда айыпталуучулардын жактоочулары келбей калып отурум жылып отурду. Бирок жабырлануучу тарап ар дайым соттук процесстерге катышып жатты.
Өкүм чыкканда жабырлануучу кызга 2 айыпталуучу күнөөлүү деп табылып, бирок кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткени үчүн жазадан бошотулганын айттым. Кыз "мага баарынан күнөөлүү деп табылганына ыраазымын, бирок камалса дагы болмок" деди. Сот айыпталуучуларга моралдык зыян деп 100 миң сомдон 200 миң сом айып пул салды", - деди ал.
Ошондой эле жактоочу жабырлануучу кыз стресс абалында жүрүп кант диабети дартына чалдыгып калганын кошумчалады.
Маалымат үчүн:
Балдардын укугун коргоо лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова майыптыгы бар 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелген эки айыпталуучу айып пул төлөп абактан бошотулганын социалдык тармактагы баракчасына жазган.
Анын айтымында, күнөөлүүлөр кылмыштын мөөнөтү эскирип кеткендиктен абактан бошотулган. Шектүүлөрдөн жабырлануучу тарапка болгону 100 миң сомдон гана өндүрүлгөн.
Кийинчерээк Бишкек шаардык соту кылмыш орун алгандан бери 9 жыл өткөндүктөн кылмыштын мөөнөтү эскиргенин билдирген.