13 жаштагы майып кызды зордуктоого шектелгендер абактан бошотулду. Сот бул боюнча үн катты

Балдардын укугун коргоо лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова майыптыгы бар 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелген эки айыпталуучу айып пул төлөп абактан бошотулганын социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, күнөөлүүлөр кылмыштын мөөнөтү эскирип кеткендиктен абактан бошотулган. Шектүүлөрдөн жабырлануучу тарапка болгону 100 миң сомдон гана өндүрүлгөн.

Кийинчерээк Бишкек шаардык соту бул боюнча үн катты. Соттун билдиришинче, кылмыш орун алгандан бери 9 жыл өткөндүктөн кылмыштын мөөнөтү эскирген.

"Кылмыш 2013-жылдын сентябрь айында жасалган, жабырлануучунун апасы 2015-жылдын июнь айында укук коргоо органдарына кайрылган. Андан соң Сокулук РИИБи 2015-жылдын сентябрь айында кылмыш ишин козгогон. Бул иш боюнча жашы жете элек (16 жаштагы) эки адамга айып тагылган. Аларга каршы чыкпоо тууралуу жазуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган. Бул кылмыш иши тергөөдөгү кемчиликтерди толтуруу үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлгөн.

Бул сот актысы Жогорку Сотко даттанылып, өзгөртүүсүз калтырылган. Тергөөнүн кемчиликтерин толтургандан кийин кылмыш иши 2018-жылдын апрель айында Сокулук райондук сотуна жөнөтүлгөн. 2019-жылдын апрель айында Сокулук райондук соту эки айыпталуучунун бирин 8 жылга, экинчисин 8 жыл 6 айга эркинен ажыраткан.

Андан соң Сокулук райондук сотунун өкүмү Жогорку Сотко чейин эки жолу даттанылган. 2022-жылдын февраль айында кылмыш иши апелляциялык тартипте кароо үчүн Бишкек шаардык сотуна жөнөтүлгөн. Кечээ, 13-июлда соттолуучулар күнөөлүү деп табылып, бирок кылмыш жасалгандан бери 9 жылдан ашык убакыт өткөндүктөн кылмыш-жаза жоопкерчилигинин эскирүү мөөнөтү өтүп кетип, жазадан бошотулду", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан