Караколдо 23 жаштагы жигитти тоноого шектелип үч адам кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 12-июль күнү милицияга жабырлануучу арыз менен кайрылган. Арызында ал ошол эле күнү "Кумтөр" соода борборунун жанынан үч адам күч колдонуп уюлдук телефонун, 600 сомун жана кийип жүргөн кийимин тартып алышканын билдирген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) менен кылмыш иши козголгон. Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогорудагы кылмышка шектелип 30 жаштагы У.А., 28 жаштагы Т.А. аттуу аял жана 31 жаштагы Б.М. аттуу жаран кармалган.
Жүргүзүлгөн алгачкы суракта үчөө тең күнөөлөрүн моюндарына алышкан жана алардан далил зат катары жабырлануучунун уюлдук телефону жана кийимдери алынган.
Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө амалдары уланууда.