Орусиянын Камчатка аймагында дайынсыз жоголгон "Робинсон" тик учагы кыйраган абалда күйүп жаткан жеринен табылды. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.
"Камчатканын куткаруучулары кечээ байланыштан жоголуп кеткен "Робинсон" тик учагын Узон жанар тоосунан 13 чакырым түштүктө күйүп жаткан жеринен табышты", - деп айтылат маалыматта.
Тик учактагы адамдар тирүү калганы айтылган жок.
Кечээ, 16-июлда дайынсыз жоголгон "Робинсон" тик учагын 25 жаштагы орусиялык биатлончу Игорь Малиновский башкарып жүргөнү белгилүү болгон.
Спортчу өзү тик учак менен учууну жакшы көрөт жана учуу мектебинде окуйт. Малиновский жаштар арасындагы Дүйнөнүн көп жолку чемпиону.