Грециянын түндүгүндөгү Кавала шаарына жакын жерге кулаган украиналык Ан-12 жүк ташуучу учагындагы 8 кишинин сөөгү урандылардын астынан чыгарылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышат.
Маалыматка караганда, экипаждын 8 мүчөсүнүн сөөгүн Комотини шаарындагы ооруканага жеткиришет. Ал жактан соттук-медициналык экспертизадан өткөргөн соң Украинанын Грециядагы дипломатиялык өкүлдөрүнө өткөрүп беришет.
Эскерте кетсек, 16-июлда Грециянын Кавала шаарына жакын жерде украиналык Ан-12 жүк ташуучу учагы кулап түшкөнү маалым болгон. Анда учак Сербиядан Иорданияга учуп бара жатканы айтылган. Учкуч кыймылдаткычта көйгөй жаралганын айтып, Кавала шаарындагы аэропорттон авариялык конууну суранган, бирок учактын сигналы жоголгон. Күбөлөр учак жүгөрү талаасына кулап түшкөнүн билдиришкен.
Такталбаган маалыматтарга караганда, учактын ичинде кооптуу жүк болгон.