Украинанын кооптуу жүк ташыган "Антонов" учагы Грециянын түндүгүндө кулады

Грециянын түндүгүндөгү Кавала шаарына жакын жерде украиналык Ан-12 жүк ташуучу учагы кулап түштү. Учакта сегиз адам болгон деп болжолдонууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, учак Сербиядан Иорданияга учуп бара жаткан. Учкуч кыймылдаткычта көйгөй жаралганын айтып, Кавала шаарындагы аэропорттон авариялык конууну суранган, бирок учактын сигналы жоголгон. Күбөлөр учак жүгөрү талаасына кулап түшкөнүн билдиришкен.

Такталбаган маалыматтарга караганда, учактын ичинде кооптуу жүк болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан