Казакстанда 545 адам соттолду. Дагы 349у шектүү катары камакта

Казакстанда Январь окуялары боюнча 545 адам соттолду. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү өткөн брифингде Казакстандын Башкы прокуратурасынын биринчи кызматынын жетекчисинин орун басары Елдос Килымжанов билдирди.

Анын айтымында, бул окуялардан улам өлкөдө 5 миңден ашуун сотко чейинки тергөө иштери катталган. Бүгүнкү күндө тиешелүү органдар тарабынан массалык баш аламандык боюнча 53, террордук актылар боюнча 32 кылмыш иши каралып жатат.

"Январь окуясы боюнча жалпысынан 429 кылмыш иши сотко өткөн, алардын алкагында 545 адам соттолду. Алардын ичинен 83 жаран бийлик өкүлдөрүнө зомбулук көрсөтүү менен байланышкан оор кылмыштарды жасоого айыпталганы үчүн эркинен ажыратылды", - деди Килымжанов.

Анын айтымында, учурда 349 адам шектүү катары камакта отурат. Аларга карактоо, имараттарды өрттөө, курал-жарактарды уурдоо, мамлекеттик мекемелерге жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине куралдуу кол салууга катышкан деген өңдүү айыптар коюлууда.

Килымжанов алардын кылмыштарга катыштыгы бар же жок экенин видеокөзөмөл камералары, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү жана эксперттик изилдөөлөр тастыктай турганын белгиледи.

Эске салсак, ушул жылдын январында Казакстанда суюлтулган газдын баасынын көтөрүлүүсүнө нааразы болгон эл көчөгө чыккан. Натыйжада массалык башаламандыкка айланып, күч органдары элге ок аткан. Кеминде 200дөн ашуун адам каза тапкандыгы айтылган. Бийлик аны өлкөдө сырткы күчтөр бийликти күч менен алмаштыруу аракетин жасап жаткандыгын жана тополоңду террордук күчтөр уюштурганын айтып чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан