«РСК Банк» «Унаа» жана ЗАГС кызматтары үчүн QR-код аркылуу төлөмдү сунуштайт

RSK24 мобилдик банкингдин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип жатабыз: тиркеме аркылуу QR-кодду колдонуу менен “Унаа” ММ жана ЗАГС кызматтарына төлөм өткөзүңүздөр.

Бүгүн Бишкек шаарында “RSK24 мобилдүү банкинг тиркемеси аркылуу “Унаа” ММ жана Жарандык абалдын актыларын каттоо кызмат көрсөтүүлөрү үчүн QR-код боюнча төлөө” долбоорунун бет ачары болуп өттү. Иш-чарага «РСК Банк» ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары Айчүрөк Жакыпова, санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Индира Шаршенова, «Унаа» мамлекеттик мекемесинин директору Рустам Джокоев, “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын м.а. Асель Кененбаева жана “Банктар аралык процессинг борборунун” Төлөм кызматтары жана тиркемелер бөлүмүнүн башчысы Саякпаев Муктар катышты.

Бул жаңы тейлөө кызматы аркылуу RSK24 мобилдүү тиркемесинин колдонуучулары бат тааныгыч QR-код боюнча “Унаа” ММде унааларын каттоо/кайра каттоо күбөлүгүнүн бланктарына жана ЗАГС аркылуу кызмат көрсөтүүлөргө (туулгандыгын мамлекеттик каттоо, никени каттоо/бузуу аты-жөнүн өзгөртүү, көз жумганды каттоо жана башка учурлар) бул уюмдардын республика боюнча бардык аймактык бөлүмдөрүндө төлөй алышат.

Аталган долбоорлор Банк тарабынан «Инфоком» мамлекеттик ишканасы (МИ), “Унаа” ММ, Калкты каттоо департаменти жана “Банктар аралык процессинг борбору” ЖАК менен биргеликте өз ара аракеттенүү операторунун алкагында ишке ашырылды

- Биз кардарларыбыз мындан ары QR-код чек кагаздары менен RSK24 мобилдүү тиркемеси аркылуу заматта төлөмдөрдү жүргүзө аларын кубануу менен билдиребиз, - деди «РСК Банктын» башкармалыгынын төрагасынын орун басары А.Жакыпова. – Кошумчалай кетүүчү жагдай, бул иштер каржы кызматтарын санариптештирүүнүн алкагында жүргүзүлүүдө.

Бат тааныгыч QR-коду менен төлөмдү кантип жүргүзүү керек?

- РСК Банктан RSK24 мобилдүү тиркемесин ачыңыз;

- Жогорку оң бурчтагы QR-код сүрөт белгисин басыңыз;

- Квитанциядагы QR-кодду сканерлеңиз;

- Төлөй берсеңиз болот;

- Төлөм тууралуу маалыматтар оператордун системасында дароо көрсөтүлөт.

Белгилей кетсек, ушул жылдын июнь айында Банк RSK24 МБ аркылуу QR-коддун жардамы менен паспорт алуу үчүн төлөөгө ушундай эле кызматты ишке ашырган жана бул иш азыркы учурда республикабыздын бардык калкты тейлөө борборлорунда өз деңгээлинде жүргүзүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан