Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 27 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Андагы маалыматка караганда, өрттү өчүрүүгө 27 бөлүм тартылган.
Өрт катталган аймактар:
Бишкек шаарында 6, Чүй облусунда 12, Нарын облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 4, Ош облусунда 3. Куткаруу кызматтары тарабынан 7 чыгуу болгон.