Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны күн санап өсүп жаткандыктан Нур-Султан шаарына бир катар чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу казак басылмалары жазышат.
Маалыматка караганда, 23-июлдан тартып эл көп чогулган жерлерде бет кап тагынуу сунушталды. Ошондой эле соода жана көңүл ачуучу түйүндөрдө, кинотеатрларда, калкты тейлөө борборлорунда, автобекеттерде, үстү ачык эмес базарларда, коомдук транспорттордо бет кап тагынуу зарылдыгы белгиленген.
Мындан тышкары кош бойлуулар, COVID-19га каршы эмдөөдөн өтпөгөн жана коронавирусту жуктурган адамдар менен байланышта болгондорго аралыктан иштөө керектиги айтылат маалыматта.
Ошондой эле кишинин саны 10дон ашкан чогулуштарды да онлайн форматта өткөрүү сунушталган.
Белгилей кетсек, аталган өлкөдө акыркы сутка ичинде 2480 адамдан коронавирус илдети аныкталды.