Чүй облусунда ӨКМнын куткаруучулары курулуп жаткан үйдүн чатырынан кулап кеткен жаранга жардам көрсөттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 23-июль күнү Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Учкун 2 жаңы конушунун жанында курулуп жаткан 2 кабаттуу үйдүн чатырынан 1968-жылы туулган М.Т. аттуу эркек киши кулап түшкөн.