Бишкекте турак үйдүн чатыры күйүп кетти

Бүгүн, 27-июль күнү борбор калаанын Октябрь районундагы Бектенов көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө саат 14:01де Октябрь райондук №5 ӨКБдан 2 бөлүм тартылган. Тилсиз жоо саат 15:06да чектөөгө алынып, 16:10до өрт толук өчүрүлгөн.
Такталган маалымат боюнча, турак үйдүн 300 чарчы метр жыгач устундуу темир менен жабылган чатыры жана ага жанаша жайгашкан очок канасы толугу менен күйүп кеткен. Бактыга жараша, жабыркагандар жок.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан