"BlackРink" тобунун солисти дүйнөнүн эң сулуу айымы болуп табылды

Түштүк кореялык ырчы, актриса жана модель, атактуу "BlackРink" тобунун солисти Ким Жису дүйнөнүн эң сулуу айымы аталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, "Nubia" онлайн-журналы беш ай бою дүйнөнүн эң сулуу айымын аныктоо үчүн сурамжылоо жүргүзгөн. Добуш берүүгө 116 өлкөдөн 1 миллиондон ашык адам катышканы айтылат.

"Жыйынтыгында "BlackРink" кыздар тобунун мүчөсү Жису 500 миң добуш алып, биринчиге чыккан. Экинчи орунду тайвандык ырчы, “Twice” тобунун солисти Чжоу Цзыюй багындырган. Ал эми үчүнчү орунду “BlackРink” тобунун мүчөсү, таиланддык ырчы, бийчи жана рэпер Лалиса Манобан ээледи", - деп жазылат анда.

Белгилей кетсек, буга чейин “Nubia” журналы дүйнөнүн эң сулуу мырзасын жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан