Эсиңиздерде болсо, буга чейин италиялык тиктокердин Кыргызстандын "Биз" тобунун "Буй-буй" ырына бийлеген видеосу социалдык тармактарга тараган. Эми ал аталган ырды фонограмма менен ырдап чыкты. Бул тууралуу видео анын ТикТок баракчасына жарыяланды.
Видео 22 саат аралыгында 821 миңге чукул көрүлдү. Ага 42 миңден ашык адам жакты белгисин баскан.