Сүрөттөгү Стефан Бибровски 1890-жылы Польшада төрөлгөн. Ал сейрек кездешүүчү гипертрихоз дартынан жапа чеккен.
Анын денеси толугу менен түктүү болгон. Мындай келбети апасы үчүн жагымсыз болуп, Стефан 4 жашка толгондо апасы андан баш тарткан. Баланын бактысына жараша, ишкер адам Стефанды өз камкордугуна алып, аны акчага элге көрсөтүп баштаган.
Стефан Бибровски 11 жашка чыкканда Америкага алып барышкан. Ал жерден популярдуулукка ээ болгон. Аны эл "жарымы адам, жарымы арстан" деп аташкан.
Стефан Бибровски 20 жыл циркте иштеген. Ал 5 тилде эркин сүйлөгөн жана тиш доктур болууну кыялданчу. Тилекке каршы, ал кыялын орундатканга жетишпей калган. 1932-жылы жүрөк оорусунан каза болгон.