ӨКМ: "Боомдо 20-22 миң куб кум-шагыл тазаланды"

Боом капчыгайында болжол менен 20-22 миң куб кум-шагыл тазаланды. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн таңкы саат 05:00дө жол каттамдары эки тараптуу ачылган.
"Жолду тазалоодо ӨКМнын Кемин райондук жана Балыкчы шаардык башкармалыгынын кызматкерлери менен Жарандык коргоо кызматтары биргеликте иш алып барды", - дешти министрликтен.
Эске салсак, кечээ нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен 128-129-чакырым аралыгында жана 131-чакырымында эки жерде сел жүрүп, Балыкчы – Бишкек каттамы убактылуу жабылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан