Кытай менен Тайвандын айланасындагы кырдаал ого бетер курчуп баратат.
Социалдык тармактарда тараган маалыматка караганда, Кытайдын DF-16 кыска аралыкка учуучу баллистикалык ракета учуруучуларынын темир жол менен Тайванды көздөй бара жаткан сүрөтү пайда болду. Аларды Тайвандан 160 чакырым алыстыктагы Фуцзянь провинциясынан байкашкан.
Ал ортодо АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Малайзияга келгендеги сүрөтү социалдык тармактарга тарады. Бул сапардан кийин АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Тайванга учат деп күтүлүүдө.
Буга чейин Global Times гезити Пелоси отурган учак техникалык мүчүлүштүк бар деген шылтоо менен же май куюу үчүн Тайванга конушу мүмкүн экенин жазган. Андан соң Тайвандагы журналист социалдык тармак аркылуу өзүнүн булактарына таянуу менен Нэнси Пелоси бүгүн, 2-августта Тайванга келерин билдирген. Азырынча Тайвандын Тышкы иштер министрлиги муну тастыктай элек.
29-июль күнү Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Тайванга байланыштуу чыңалуудан улам АКШ президенти Жо Байденге эскертүү берген.