реклама
super.kg logo
Кино

Кытайдын президенти Си Цзиньпин Жо Байденге эскертүү берди

 

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Тайванга байланыштуу чыңалуудан улам АКШ президенти Жо Байденге эскертүү берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчыларынын телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Кытай лидери Вашингтон "бир Кытай принцибин" кармануусу керектигин айткан. Ошондой эле Кытай Тайвандын көз карандысыздыгына жана сырттан кийлигишүүгө катуу каршы экенин баса белгилеген. Си Цзинпин Байден менен сүйлөшүүдө аралдын жарыяланган көз карандысыздыгын тааныбай турганын кошумчалаган.

"От менен ойногон адам өзүн өрттөп жиберет. Биз АКШ муну так карайт деп үмүттөнөбүз", - деген Си Цзинпин телефондогу сүйлөшүүдө.

Өз кезегинде Байден Си Цзиньпинге АКШнын Тайванга карата саясаты өзгөрбөгөнүн жана Вашингтон Тайвандагы тынчтык менен стабилдүүлүккө шек келтирүүгө багытталган бир тараптуу аракеттерге чечкиндүү түрдө каршы экенин билдирген.

Сүйлөшүүдөн кийин Тайвань Байденге көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, АКШ менен коопсуздук боюнча өнөктөштүгүн тереңдете берерин билдирген.

Апрель айында Кытай АКШдан Тайвань менен бардык расмий байланыштарды токтотууну талап кылган.




aksia550_3


 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
29.07.2022. 11:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
666
Катталган:
20-07-2016
Соӊку аракети:
18-08-2022 11:51
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Аксы
-5
Согушкула
29.07.2022. 12:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
373
Катталган:
29-09-2020
Соӊку аракети:
18-08-2022 05:50
Жынысы:
Белгисиз
-2
Американын Кытайга канча карызы бар билесиңерби?
29.07.2022. 12:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
167
Катталган:
26-03-2018
Соӊку аракети:
15-08-2022 14:18
Жынысы:
Белгисиз
-1
Azat-123,Ооба, 1 сом Байденче тыйын
29.07.2022. 12:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
373
Катталган:
29-09-2020
Соӊку аракети:
18-08-2022 05:50
Жынысы:
Белгисиз
-2
eddi 22,3трлн$
29.07.2022. 12:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
541
Катталган:
17-07-2012
Соӊку аракети:
16-08-2022 20:03
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баардык элиме тынчтык жана баардык олкого дагы тынчтык, тынчтык, тынчтык каалайм. Урушпагылачы, согушпагылачы.
29.07.2022. 15:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
125
Катталган:
24-09-2016
Соӊку аракети:
18-08-2022 10:20
Жынысы:
Белгисиз
0
Кытай корея россия бир тарап болуп калды
29.07.2022. 15:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
599
Катталган:
11-10-2013
Соӊку аракети:
18-08-2022 10:51
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Аксы
-2
joke81kg,Китай,Сев Корея,Россия,Иран,Индия булар бир тарап.Кучтун баары ушуларда.НАТО фигня болуп калат булардын алдында.
29.07.2022. 15:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1668
Катталган:
02-11-2020
Соӊку аракети:
18-08-2022 11:40
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыркы учурда дүйнө өтө олку солку абалга кептелди. Дүйнөлүк согуштун башталып кетиши оңой эле болуп калды. Эвропа АКШ бир тарап болгону менен Россияны да колдоочу дөө шаа мамлекеттер турат.Кытай,Сев Корея, Иран, Индия,жана мусулман өлкөлөрүнүн көпчүлүгү Россияны колдоп тургансыйт. Айта кетчү нерсе бул өлкөлөрдө дээрлик баардыгында дүйнөлүк атомдук бомбасы бар өлкөлөр экенин эске алышыбыз керек.Кудай сактасын эми дүйнөлүк согуш чыга турган болсо, дүйнө эли жок болуп кетиши мүмкүн Аллах сактасын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
194613;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2022 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев 39/7
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Посмотреть на карте Бишкека
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: