Нэнси Пелосинин Тайванга учуусу дүйнөдөгү эң көп көрүлгөн каттам болуп калды

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин Тайванга учкан учагын дүйнөнүн булуң-бурчунан 2 миллион 920 миң адам онлайн көрүп отурду. Бул тууралуу учактын абалын реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берген Flightradar24 кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Куала-Лумпурдан учуп чыккандан Пелоси отурган SPAR19 каттамы Flightradar24 боюнча активдүү каттамдардын ичинен эң көп каралган аба каттамы болуп калды. Куала-Лумпурдан Тайбэйге чейин жети саат учкан учакты жалпысынан 2 миллион 920 миң адам онлайн караган.

Flightradar24 колдонуучулардын болуп көрбөгөндөй агымынан улам сервистин иштешинде мүчүлүштүктөр болгонун белгиледи.

Нэнси Пелоси Кытай каршылыгын билдиргенине карабастан Тайванга кечээ, 2-августта барган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан