Белгилүү орусиялык спортчу, көркөм гимнастика боюнча Олимпиада чемпиону Алина Кабаева АКШнын санкция тизмесине кирди. Бул тууралуу АКШнын Каржы министрлигинин сайтында жазылгандыгын чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Кабаева Улуттук медиа группа медиахолдингинин директорлор кеңешинин төрайымы. Буга чейин экс-гимнастка каршы санкцияларды Евро Биримдик, Улуу Британия, Канада жана Австралия киргизген.
Ал эми швейцариялык "SonntagsZeitung" гезити 2015 жана 2019-жылдары Кабаева Орусиянын президенти Владимир Путинден эки уулдуу болгондугун төрөттү кабыл алган дарыгерге таянуу менен жазып чыккан.